Жоломан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 2-орунду ээледи

29.04.2022 | 09:44

Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсүнүн дүйнөлүк рейтингинде 2-орунду ээледи.

Жаңыланган рейтинг Монголияда өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү.

Кыргызстандык Улан-Батор шаарында грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмак ченинде мелдешке чыгып, Азия чемпиону аталды. Бул жыйынтык ага 10 000 упай алууга мүмкүндүк берди.

Дүйнөлүк рейтингде Шаршенбеков 2-орунда жана 63200 упайга ээ. Ал лидер Молдовадан келген Виктор Чебанудан 4800 упайга кыскартты.

Scroll to Top