Бишкек: Мектептин ажатканасынан окуучу кыз ур-токмокко кабылды

Бишкек: Мектептин ажатканасынан окуучу кыз ур-токмокко кабылды

Кайсы бир мектептин ажатканасынан бир окуучу кыз ур-токмокко кабылды. Бул туурасында Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-апрелде шаар тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, 25-апрель күнү мектептин ажатканасына өспүрүм кызын сүйлөшүүгө чакырып, денесине жаракат келтирген 11 жаштагы Ч.А`га карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты электрондук журналга катталып, алдын ала текшерүү башталган. Ал эми жаракат алган окуучу кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ал эми Бишкек шаардык милициясы бул окуянын бардык катышуучуларын чакыртып, аларга бул иштер боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүздү. Күбө катары сурак беришти.

Ошол эле маалда  11 жаштагы Ч.А`нын апасына 102-берене (ата-энелик милдеттен качуу) беренеси боюнча протокол түзүлүп, 3000 сом айып салынды. Чогултулган материалдардын көчүрмөсү Октябрь райондук балдар иштери боюнча комиссияга жөнөтүлдү.

Жабырлануучуну ур-токмокко алган кыз буга чейин 4-класстын окуучусун да сабаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>