Жумабеков көк бөрүчүлөргө берген 1,2 млн сомду кайдан алганы айтылды 

Жумабеков көк бөрүчүлөргө берген 1,2 млн сомду кайдан алганы айтылды 

Жогорку Кеңештин экс төрагасы Дастанбек Жумабеков көк бөрү боюнча Таластын “Ынтымак” командасынын оюнчуларына 1 млн сом 200 миң сыйлык бергени белгилүү болду.

Экс-спикердин жардамчысы Кумуш уулу Кылычбекке кайрылып, оюнчуларга сый акы катары берилген акчаларды кайдан алганын сурадык.

“Дастан Жумабеков спикер болуп турган учурда «Ынтымак» командасына колдоо көрсөтөм деп сөз берген эле. Эми сөзүнө туруп кечээ ар бир оюнчуга 100 миң сомдон берди. Дастан Жумабеков мал менен иштейт, колунда бар адам”, – деди анын жардамчысы.

Мамлекеттик кызматкерлердин жана чиновниктердин 2019-жылга карата киреше жана чыгымын көрсөткөн декларациясы жарыялана элек. Салык кызматынын басма сөз катчсы Эркин Сазыковдун маалыматына караганда декларация тапшыруу жана аны жарыялоо пандемиядан улам кийинки жылга калаган.

Дастан Жумабековдун 2018-жылы тапшырган декларациясында 2 185 000 сомго бааланган жылкы, бодо жана майда жандыкка ээлик кылаары көрсөтүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>