Жыл жыйынтыгы. Алымкадыр Бейшеналиев менен Алтынбек Максутов «2» алышты

Жыл жыйынтыгы. Алымкадыр Бейшеналиев менен Алтынбек Максутов «2» алышты

Министрлер кабинети мамлекеттик органдардын жана аймактын администрациялардын жарым жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарды.

Анда 7 мамлекеттик орган эң жакшы баа алып, «отличник» болушту.

Алар: Айыл чарба министрлиги, Экология министрлиги, Юстиция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Транспорт министрлиги жана Билим берүү министрлиги.

“Жакшы” мекемелер — Мамкурулуш, Эмгек министрлиги, Финансы министрлиги, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустары жана Бишкек шаары.

«Үчкө» иштеген мекемелердин саны үчөө. Алар: Экономика министрлиги, Ош жана Ысык-Көл облусу.

Дагы үч органдын иши  “канааттандырарлык эмес” деп табылды. «Экичилер»- Саламаттыкты сактоо министрлиги, Маданият министрлиги, Талас жана Баткен облустары.

Жарым жылдыкта 3 баллдан аз алган мамлекеттик органдар киргизилген эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>