Марлен Маматалиев парламенттин Төрагасынын алдындагы Бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештин ишин жандандырдыБишкекте айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамендер 6-апрелден тарта жаңы даректе өткөрүлө баштайт1-класска электрондук каттоо: Эки күндө 29 миңге жакын бала катталдыКыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери сүйлөшүүлөрдү өткөрдүКыргызстан Иранга гумжардам жөнөтөт: 129 тонна азык-түлүк жана дары-дармекБишкекте 1,2 млн долларга Улуттук вакцина кампасы курулат: долбоордун чоо-жайы
Зулушев депутатты үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө кайгырбай айтууга чакырды
16.04.2024 | 18:08
2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 49 кылмыш иши козголсо, анын 15и тосмо арыз жазган. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн парламентте билдирди.
Ал зомбулукка кабылгандар жарашып кетип жатканын белгиледи.
“Эми сиз кайгылуу кылып айтсаңыз, коомчулук дагы ушуга эле зомбулукка күбө болуп калдык деп айтышы мүмкүн. Ар бир факт боюнча милиция иш жасап жатат. Мындай кылмыштуулук адам баласы болгондон кийин боло берет экен да. Бирок биз болтурбоо аракети көрүп жатабыз”, – деди ал.
Депутат Айсулуу Мамашева үй-бүлөлүк зомбулук жана зордуктоо боюнча сүйүнүп айта албастыгын айтты.
“Тосмо арызды билесизби, аны коркуп жазышат”, – дейт эл өкүлү.
Курманкул Зулушев депутат факты талап кылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом