Зына кылып жатасыңар! Кара-Көлдө эркек гинекологдорду “сакалчандар” коркутуп жатат

Зына кылып жатасыңар! Кара-Көлдө эркек гинекологдорду “сакалчандар” коркутуп жатат

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жашоочулар арасында дарыгер коркутууга кабылганы тууралуу маалымат тарады. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы окуянын чоо-жайын териштирген.

Жергиликтүү тургундардын арасында «сакалчандар дарыгерди коркутуп, таш бараңга алабыз дептир» деген маалымат тараган.

Жамгырбек Шүкүрбек уулу учурда төрөт бөлүмүндө дарыгер-ординатор, акушер-гинеколог болуп эмгектенет. Анын айтымында, 17-январда саат 11:00дө 7 бала оорукананын директоруна жолукканы келген.

«Мен да директорго жолукканы баргам. Анан директор чогулушка кетип, жок экен. Аларга жолугуп калдым, менден «сен гинекологсуңбу?» деп сурашып, «сен төрөт бөлүмүндө иштебешиң керек. Аялдарды караганга болбойт» деп айтышты. Мен биздин кесип аялдарга жардам берүү экенин айттым. Алар «эгер такыр дарыгер жок болуп, сага барса мейли, ал эми эркек дарыгерлер аялдарды карабагыла, негизи карабаш керек» деп айтышты. Мен негизи ар кандай учур болорун, бейтаптын аял-эркегине карабай жардам беришибиз керектигин түшүндүрдүм. Зарылчылык болсо эркек дарыгерлерден бир гана гинеколог эмес, хирургдар да аялдарды көргөнгө туура келет. Мисалы, операция болуп калса, бул жагдайда кандай болот деген оюмду айттым. Негизи биз дарыгерлер бейтапка жынысына карабай жардам беришибиз керек. Ооруканага жыргаган адам келип көрүнбөйт. Ден соолугунун айынан келишет. Андан башка бизде атайын бирөөнү көрүү кызык эмес деген мааниде оюмду түшүндүрдүм.

«Зына кылып жатасыңар» деди. Биз болгону адамдарга жардам берип жатканыбызды айттым. «Силер иштен кетип калганыңар эле жакшы» дешти. Макул, мен кетейин башка эркек дарыгерлерди эмне кыласыңар? Мисалы, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган бейтаптар бар. Алардын эркек-аялына карабастан дарыгерлер жардам беришет. Операцияга киришет, таңышат. Негизи ар бир орулууга байкоо жүргүзүлөт. Мында кандай болот? Мен мейли кетейин, башка эркек дарыгерлер кандай болот деген ойду айттым. «Силер директоруңарга бул нерсени айтып, батыраак кеткениңер жакшы болот» дешти. «Эгер бул маселени чечпесеңер, мэрияга чейин арызданабыз» деп айтышканынан, мен макул деп айттым. «Негизи шарият боюнча зына кылган адамды таш бараңга алышыбыз керек» дешти. Мени коркутпаса да, алар мага талап коюп, ойлорун айтып кетишти», — деди Жамгырбек Шүкүрбек уулу.

Ал эми башкы дарыгер Абдулбакы Ырысбековдун айтымында, гинекологдор жетишсиз.

«Жогорудагы окуя чынында болгон. Ал дарыгер бизде акушер-гинеколог болуп иштейт. Ординатурага тапшырган, 3 жыл болду, майда бүтөт. Биздин ооруканада акушер-гинекологдор жетишсиз. Негизи эки гинеколог дарыгерибиз бар, бирок алар үй-бүлөлүк дарыгердик боюнча бүтүп, ошол жаатта иштөөдө. Анткени төрөт үйүнүн ишин алып баруу өтө оор жана жооптуу жер. Анткени 10-20 жыл иштеп, бир-эки аялдын төрөтүнө байланыштуу чыр чыгып калса, ал дарыгердин жоопкерчилиги өтө оор болот экен. Көбүнчө жагымсыз учурлар катталганда. Негизи бул адистиктин ушундай түйшүгү бар.

Дагы бир тажрыйбалуу гинекологубуз бар эле. Ал дагы былтыр бир келин төрөттөн каза болуп, ошол иштин арты менен иштебей калды. Сурансак да болбой койду. Азыр төрөт үйүндө бир гана гинеколог бар, ал эми эки ординатор жардамчы болуп иштешет. Ошонун бири Шүкүрбек уулу Жамгыр. Төрөт бөлүмүндө бир гинеколог иштөө өтө кыйын болуп калат экен. Негизи Жамгырды биз акушер-гинекологду оку деп суранганбыз. Анткени ушул жаатта адистер жетпей, кыйналып келебиз. Анын үстүнөн аял киши акушер-гинеколог болсо, ал төрөсө декретке чыгып кетет экен. Ал эми эркек киши гинеколог болсо, ушул шаарга отурукташып калса, Кара-Көл элине кызмат кылабы деген максатта аны акушер-гинекологду оку дегенбиз. Бул адистерди ооруканага алууда адистердин жетишсиздигинен улам, өзүбүз атайын тиешелүү жерлерге барып кайрылып, суранып, өтүнүч жазып жатып, араң алып келебиз», — деди Абдулбакы Ырысбеков.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Кара-Көл шаарынын 1994-жылы туулган тургуну — дарыгер Ш.Ж. арыз менен кайрылганын, ал Кара-Көл ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине текшерүүнү талап кылган материал болуп катталганын тастыктады. Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан алдын ала текшерүү иштери жүрүп жатат.

Ал эми Жалал-Абад облустук калктын репродукциясы борборунун башкы дарыгери Айнура Давлетованын маалыматы боюнча, облуста жалпы 5 эркек акушер-гинеколог бар.

«Бул эркек акушер-гинекологдордун баары операция жасаган адистер. Дарыгер болуу үчүн ординаторлук мөөнөтүн кошкондо жалпы 8 жыл талап кылынат. Ушунча жыл даярдалган адисти 4-5 адам келип алып эле кадр тандап, кадрга кийлигишүүлөрү туура эмес. Алар деген адис. Акушер-гинеколог болуу өзү оңой эмес. Бизге эненин аман-эсен көз жарып, ымыркайын кучагына алуусу маанилүү. Ансыз да бизде дубанда 17 акушер-гинеколог жетишпейт, дагы эки дарыгер кете турганын айтып жатышат. Бул да биз үчүн маселе болот. Адисти адистей кабыл алуулары керек», — дейт ал.

Анын айтымында, буга чейин Сузак районунда да эркек гинекологдун иштөөсүнө каршы болгон учур болгон. Бир катар түшүндүрүү ишинин алкагында маселе жолго коюлган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>