Салык кызматы күчөтүлгөн режимде иштей баштады

Салык кызматы күчөтүлгөн режимде иштей баштады

Жаңы Салык кодекси кабыл алынгандыгына байланыштуу, салык органдары салык төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча күчөтүлгөн режимге өтүштү. Бул туурасында Салык кызматынан кабарлашты.

Бекитилген графикке ылайык, салык органдарынын “бирдиктүү терезелери”, Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борбору иш күндөрү саат 23:00гө чейин, дем алыш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштешет.

Салык төлөөчүлөр ушул жылдын 28-январына чейин салыктык катталган жери боюнча салык органына салык режимин тандоо жөнүндө арыз менен кайрылышы керек. Тактап айтканда, 2021-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болгон атайын салык режимдеринин негизинде салык төлөгөн төлөөчү Салык кодексинде белгиленген салык режимин тандоо тууралуу арыз менен.

Жалпы салык режиминин негизинде салык төлөгөн жана 2021-жылдын 31-декабрына карата КНС төлөөчү болуп саналбаган салык төлөөчү КНС төлөөчү катары каттоо же атайын салык режимине өтүү жөнүндө арыз.

Салык режимин тандоо жөнүндө арыз берилбеген учурда салык төлөөчү жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү болуп таанылат.

Толук маалыматты 116 номеринен же жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>