Дүйнө чемпиону Мелис Турганбаевди аэропорттон кантип тосуп алышты? (фото)

Дүйнө чемпиону Мелис Турганбаевди аэропорттон кантип тосуп алышты? (фото)

Бүгүн 14-октябрда, эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болгон Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) төрагасы Мелис Турганбаев Бишкекке келди.

Аны “Манас” эл аралык аралык аэропортунан ал жетектеген түзүмдүн кызматкерлери, күйөрмандары, Жогорку Кеңештин депутаттары, спортчулар жана журналисттер тосуп алышты.

Тургунбаев 8-октябрдан 13-октябрга чейин Грузияда өткөн эркин күрөш боюнча мелдеште дүйнө чемпиону болду.

Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында 2016-жана 2018- жылы  коло медал тагынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>