Милиция белгисиз адамдар кыз кишини уурдаганы тууралуу маалымат боюнча үн катты

Милиция белгисиз адамдар кыз кишини уурдаганы тууралуу маалымат боюнча үн катты

Бишкектин Ленин райондук милициясы «шаардагы соода борбордун жанынан кыз киши уурдалды» деген маалымат боюнча үн катты.

Маалыматка ылайык, 8-майда болжол менен саат 13:50до «102» кызматына «Азия Молл» соода борбору жакта бир эркек кыз кишиге күч колдонуп, «Тойота Камри» унаасына салып, алып кеткени тууралуу билдирүү түшкөн.

Милиция билдиргендей, алар тарабынан «Кармоо» планы жарыяланып, унаа табылган. Белгилүү болгондой, унаанын айдоочусу такси айдап иштеген. Айдоочунун айтымында, ал жигит менен кызды Токтогул көчөсүндөгү №5 мектептин жанынан түшүрүп, кетип калган.

Учурда окуянын чоо-жайын тактоо үчүн жигит менен кыздын жүргөн жерин аныктоо иштери жүрүүдө. Анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынып, ал тууралуу кошумча маалымат берилет.

Эскерте кетсек, буга чейин жергиликтүү басылмалардын бири «Азия Молл» соода борборунун жанынан белгисиз адамдар кыз кишини күчтөп унаага салып, уурдап кеткени тууралуу жазган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>