Мектепте сабалган 7 жаштагы баланын ата-энесине кысым көрсөтүлүүдө

Мектепте сабалган 7 жаштагы баланын ата-энесине кысым көрсөтүлүүдө

Бишкектеги менчик мектептердин биринде 7 жаштагы баланын сабалышы боюнча дагы эле кылмыш иши козголо элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы билдирди.

Анын айтымында, тергөөчү ишти козгоону кечеңдетип жатат. Депутат ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаевден ишти көзөмөлгө алууну суранды.

«Азыр ишти башка тергөөчүгө өткөрүп беришиптир. Биздин кичинекей балдарыбыз кыйного кабылып жатат. Окуучунун ата-энесине дагы кысым болуп жатыптыр», — деди Аида Исатбек кызы.

Эркебек Аширхожаев тергөө экспертизанын жыйынтыктарын күтүп жатканын айтты.

Эскерте кетсек, 12-апрелде менчик мектептин коридорунда ойноп жаткан окуучуну 34 жаштагы К.Д. тепкилеген. Бала ооруканага түшүп, шектүү кармалып, бирок кайра бошотулган.

Бишкекте 7 жашар баланы сабаган адам кармалды (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>