Өлкө башчы: Саламаттыкты сактоо тармагын толук реформа жасайбыз

Өлкө башчы: Саламаттыкты сактоо тармагын толук реформа жасайбыз

«Саламаттыкты сактоо тармагын толук реформа жасайбыз», — деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда «Биринчи радиого» берген маегинде.

Мамлекет башчысы азыркы жагдай мамлекеттик системадагы бир топ көйгөйлөрдү ашкерелегендигин жана жыйынтыктар чыгарыларын белгиледи.

«Бир топ мамлекеттик маселелер, багыттар боюнча терең ойлонуудамын. Мамлекеттин, элдин жашоосуна таасир этчү бир топ кадамдарга барабыз, буйруса. Анын негизгиси — саламаттыкты сактоо тармагын кескин жаңыртуу, жакшыртуу. Болбосо бүгүн баарыбыз туш болдук, улут саламаттыгына коркунуч жаралды», — деди Жээнбеков.

Ал президент катары ар бир күнү ушул пандемия менен башталып, пандемия менен бүтүп жатканыдыгы туурасында кошумчалады.

«Эң маанилүү жана керектүү жагдайлар боюнча менде толук маалыматтар бар. Өкмөт, жергиликтүү бийлик эмне чараларды көрүп жатканынан толук кабардармын», — деди өлкө башчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>