Өлкөдө диний экстремизмди алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Өлкөдө диний экстремизмди алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Республиканын аймагында диний экстремизмдин алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Жаштар арасында радикалдашууну жана диний эктремизмдин алдын алууда диний жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери” аттуу темада Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарында жана Ош шаарында  профилактикалык иш-чаралар өттү.

Семинарларга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, коомдук алдын алуу борборлорунун жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышкан.

Иш-чаранын соңунда экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан диний экстремизмдин алдын алууга даярдалган 1600 гө жакын усулдук  буклеттер, эстеткичтер  жана 1000 ашык коргоонучу бет каптар таратылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>