1-апрелден тарта электр энергиясын колдонууга киргизилген чектөөлөр алынат

1-апрелден тарта электр энергиясын пайдалануудагы кубаттуулук чектөөлөрү толугу менен алынат. Чектөөлөр 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинин аяктаганына байланыштуу алынууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Эске салсак, буга чейин эртең мененки саат 06:00дөн 09:00гө чейин жана кечинде 18:00дөн 22:00гө чейин кубаттуулукка чектөөлөр киргизилген. Анда 1 фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 3 кВтка чейин, ал эми 3 фазалуу керектөөчүлөр үчүн 5 кВтка чейин төмөндөтүлгөн. Мындай чаралар Токтогул суу сактагычында суу аз топтолгонуна байланыштуу жана күз-кыш мезгилинде электр энергиясын элге үзгүлтүксүз жеткирүү максатында убактылуу киргизилген.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2025-жылы электр энергиясын керектөө 19 094,8 млн кВт саатты түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 4,7 пайызга өскөн. Керектөөнүн көбөйүшү турак жайлардын курулушу жана жаңы объекттердин электр тармактарына кошулушу менен байланыштуу.