Бишкек шаарына 207 миңден ашуун түп жоогазын отургузулууда

Бишкек шаарында жоогазындарды күзгү отургузуу иштери башталды. Мэриянын маалыматында, быйыл борбор калаага голландиялык сорттогу, беш түстөгү 207 миң 500 түп жоогазын отургузулат.
Аталган көчөттөр райондор боюнча бөлүштүрүлгөн. Анын ичинде Биринчи Май районуна 70 миң түп, Ленин районуна 60 миң түп, Октябрь районуна 50 миң түп жана Свердлов районуна 27 миң 500 түп жоогазын тигилүүдө.
Мэрия отургузуу иштеринин алдында топурак даярдалып, жоогазындын баштары 12–15 сантиметр тереңдикке жайгаштырылып жатканын билдирди. Агротехникалык эрежелерге ылайык, өсүмдүктөрдү күзүндө отургузуу алардын кышкы мезгилден өтүп, жазында өсүп чыгуусун камсыз кылуу максатында аткарылат.
Бул жоогазындар 2027-жылдын март–апрель айларында шаардын көчөлөрүндө, сейил бактарында жана скверлеринде гүлдөй баштайт.