2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөт

2027-жылы Кыргызстандын Жогорку Кеңешин каржылоого 2026-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 216 миллион 200 миң сомго көбүрөөк каражат бөлүү пландалууда. Бул тууралуу 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджеттин долбоорунда айтылат.
Кошумча каражаттын басымдуу бөлүгү — 198 миллион 700 миң сом эмгек акы төлөөгө каралган. Дагы 17 миллион 500 миң сом парламенттин күнүмдүк чыгымдарына жумшалат.
Ошол эле учурда каржылоо Жогорку Кеңеш үчүн гана эмес, башка мамлекеттик органдар үчүн да көбөйтүлөт.
Жалпысынан 2027-жылы аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик органдарына 6 миллиард 437 миллион 600 миң сом бөлүү сунушталууда. Бул 2026-жылга бекитилген бюджеттен 1 миллиард 554 миллион 700 миң сомго же 31,8% көп. Быйыл бул багытка 4 миллиард 882 миллион 900 миң сом каралган.
Бул суммага Жогорку Кеңештин, Президенттин Администрациясынын, Президенттин Иш башкармалыгынын, Эсептөө палатасынын, Юстиция министрлигинин жана башка бир катар мамлекеттик түзүмдөрдүн чыгымдары кирет.
Атап айтканда, төмөнкү мекемелерге кошумча каражат бөлүү пландалууда:
- Эсептөө палатасына — 674 миллион 100 миң сом. Анын ичинен 320 миллион сом «Тынчтык» пансионатынын экинчи корпусун курууга, 293 миллион 800 миң сом эмгек акы төлөөгө багытталат.
- Президенттин Иш башкармалыгына жана ага караштуу бөлүмдөргө — 311 миллион 400 миң сом. Анын ичинен 207 миллион 600 миң сом эмгек акыга, 92 миллион 100 миң сом оңдоо иштерине, дагы 11 миллион 600 миң сом купуя маалыматтардын сыртка чыгып кетишинен коргоочу системаны киргизүүгө каралган.
- Юстиция министрлигине — 154 миллион 200 миң сом. Каражаттын негизги бөлүгү 2026-жылы эмгек акынын жогорулашына байланыштуу маяналарды төлөөгө, ошондой эле коммуналдык кызматтарга жумшалат.
Болжол боюнча, 2028-жылы аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик органдарынын жалпы чыгымдары 6 миллиард 486 миллион 700 миң сомду, ал эми 2029-жылы 6 миллиард 641 миллион 100 миң сомду түзөт.