Алгачкы жолу Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирилди

12.10.2026 | 16:36
Алгачкы жолу Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирилди — Новости Кыргызстана

Алгачкы жолу темир жол аркылуу Кочкордон Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр жеткирилди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Жүк Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Теңдик айылында жайгашкан бекеттин көмүр аянтчасында жүктөлгөн. Көмүрдү ташуу үчүн 1 миң тоннага жакын жүк көтөрүмдүүлүгү бар 15 вагон тартылган.

Эске салсак, быйыл Балыкчы — Кочкор темир жолу салынып, Кочкор темир жол бекети 25-июлда пайдаланууга берилген.

«Кыргыз темир жолу» мындан ары Бишкек шаарына жөнөтүлүүчү көмүрдү жүктөө иштери Кочкор темир жол бекетинде аткарыларын билдирди. Көмүрдү темир жол аркылуу ташуу автоунаа жолдоруна түшкөн жүктөмдү азайтып жана жүк ташуучу унаалардын санын кыскартат.

Scroll to Top