УКМК: Жалал-Абадда дары-дармектер аткезчилик менен ташылып келип, сатылып жаткан

Жалал-Абад облусунда чет мамлекеттерден дары-дармектерди жана керектелүүчү товарларды мыйзамсыз ташып кирүү каналы аныкталып, төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, аткезчилик товарлары Ноокен районуна караштуу Ношкен айылынан агып өткөн Чоң Фергана каналы аркылуу ташылып кирген. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ташылып келген дары-дармектер Жалал-Абад облусунун аймагындагы дарыкана түйүндөрү аркылуу сатылып келген.
Атайын кызмат аталган продукциялар белгиленген талаптар боюнча текшерүүдөн жана сертификациядан өткөн эместигин билдирди. Мындан улам продукциялар жарандардын ден соолугуна зыян келтирүү коркунучун жаратат.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында Т.М.М., А.Ж.А., А.М.Ж. жана А.К.А. аттуу кыргызстандык жарандар кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.