Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору

Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумушка орноштуруу тартибин өзгөртүү сунушталууда. Жумуш берүүчүлөр алар үчүн жумуш орундарын бөлүп бериши же толтурулбаган квота үчүн ай сайын компенсациялык төлөм төлөп турушу керек болот. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документтин демилгечиси — Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Түзөтүүлөрдү Бюджеттик, Салык жана Эмгек кодекстерине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске жана башка мыйзам актыларына киргизүү сунушталууда.
Негиздеме-маалымкатта учурдагы квота системасы майыптыгы бар адамдарды жумуш менен камсыз кылуунун керектүү деңгээлин камсыздай албай жаткандыгы белгиленген.
Документте Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнүн маалыматтары келтирилген. Алсак, 2021-жылы 929 адамга жумушка орноштуруу квотасы белгиленгени менен, иш жүзүндө бир дагы адам ишке орношкон эмес. Ал эми 2023-жылы 1 миң 425 адамга бөлүнгөн квотадан 12 гана адам жумуш тапкан.
Иштеп чыгуучунун пикиринде, жаңы механизм квоталоону реалдуу жумушка орноштуруу, кесиптик даярдоо жана жумуш орундарын ыңгайлаштырууну каржылоо менен байланыштырууга мүмкүндүк берет.
Мыйзам долбооруна ылайык, жумуш берүүчү ар бир 25 кызматкерге майыптыгы бар адам үчүн бир жумуш ордун караштырышы зарыл.
Мисалы, 50 кызматкер болсо квота эки жумуш ордун, 75 болсо үч орунду түзөт. Эгерде уюмда 25тен аз жумушчу иштесе, квоталоо милдети жаралбайт.
Мында жумуш берүүчү эки варианттын бирин тандай алат: майыптыгы бар адамды жумушка алуу же толтурулбаган орун үчүн компенсациялык төлөм төлөө.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана бюджеттик мекемелер компенсациялык төлөмдөрдөн бошотулат. Алар түздөн-түз жумушка орноштурууну камсыз кылуу аркылуу квотаны аткарууга милдеттүү болот.
Ай сайын төлөнүүчү төлөмдүн көлөмүн мурунку календардык жыл үчүн жан башына эсептелген жашоо минимумунун өлчөмүнө теңөө сунушталууда.
Негиздеме-маалымкатта 2025-жылдагы көрсөткүчтүн — 8 697,32 сомдун негизинде эсептөө мисалы келтирилген.
Ошентип, майыптыгы бар бир дагы адам иштебеген 25 кызматкери бар уюм бир ай ичинде толук толтурулбаган квота үчүн 8 697,32 сом которууга тийиш болот.
Эгерде компанияда 50 жумушчу болуп, майыптыгы бар бир адам иштеп жатса, экинчи толтурулбаган орун үчүн төлөм дал ушундай сумманы түзөт. Кызматкер айдын ичинде жумушка алынган учурда төлөм квота толтурулбай турган күндөрдүн санына жараша пропорционалдуу түрдө эсептелет.
Компенсация төлөө айып пул же укук бузуу катары эсептелбейт. Бул жумуш орундарын квоталоо боюнча милдетти аткаруунун мыйзамдуу жолу болуп саналат.
Төлөмдөрдү эсептөөнү автоматташтыруу мерчемделүүдө. Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик маалыматтык системалардан керектүү маалыматтарды алып, алдын ала эсепти салык төлөөчүнүн жеке кабинетине жайгаштырат.
Жумуш берүүчүгө каршы пикирин билдирүү үчүн 10 календардык күн берилет. Акыркы эсептөөдөн кийин төлөмдү 10 күндүн ичинде төлөө зарыл.
Мыйзам долбоору ошондой эле майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруудагы эреже бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү карайт.
Квалификациялык талаптарга жооп берген майыптыгы бар адамды негизсиз жумушка алуудан баш тарткандыгы үчүн төмөнкү айыптар сунушталууда:
• жеке жактар үчүн — 20 миң сом;
• юридикалык жактар үчүн — 65 миң сом.
Компенсациялык төлөмдү төлөбөгөндүгү же толук эмес төлөгөндүгү, билип туруп жалган маалымат бергендиги, жасалма жумушка орноштургандыгы жана квотанын аткарылышын имитация кылган башка ыкмалар үчүн да дал ушундай өлчөмдөгү айыптар каралган.
Квоталанган бош орундар же талапкерлерди кароонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды өз убагында бербегендиги үчүн жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу сунушталууда.
Ошол эле учурда жумуш берүүчү компенсациялык төлөмдү өз убагында төлөп койгон күндө дагы, талаптарга жооп берген майыптыгы бар талапкерди негизсиз кабыл албай коюуга укугу жок.
Компенсациялык төлөмдөр республикалык бюджетке түшөт. Майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштурууну колдоо үчүн өзүнчө бюджеттик программа түзүү сунушталууда. Бул каражаттардын эсебинен кесипке окутууну, кайра даярдоону, жумуш орундарын ыңгайлаштырууну жана алгачкы жумушка орношууну колдоону каржылоо пландалууда.
Ошондой эле жумуш берүүчүлөрдүн майыптыгы бар кызматкерлер үчүн зарыл болгон эмгек шарттарын түзүүгө кеткен чыгымдарын толук же жарым-жартылай компенсациялоо мүмкүнчүлүгү каралган.
Программанын ишке ашырылышын көзөмөлдөө үчүн мамлекеттик органдардын, жумуш берүүчүлөрдүн, кесиптик кошуундардын жана майыптыгы бар адамдардын уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда 11 адамдан турган Байкоочу кеңеш түзүү сунушталат.
Мыйзам кабыл алынган учурда ал 2028-жылдын 1-январында күчүнө кириши керек.