Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталдыШвейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарды
4 жаштагы наристени издеп жаткандар, көлгө чөгүп жаткан башка кызды куткарып калышты
29.07.2022 | 11:21
Ысык-Көлдө чөгүп жаткан кыз аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 28-июлда “Алия” мейманканасынын тушундагы көлгө 2006-жылы туулган Э.А. аттуу кыз чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат суучул-куткаруучуларга түшкөн.
Тактап айтканда, ошол учурда “Алия” эс алуу жайынын тушундагы жээкке жакын көл үстүндө суучул-куткаруучулар бир нече күн мурун чөгүп кеткен 4 жашар кызды издеп жатышкан.
Издөө ишинде жүрүшкөн Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 куткаруучу, 2 суучул көлгө чөгүп жаткан кызга өз убагында жетип, суудан аман-эсен алып чыгышып, “Тез жардам” кызматынын адистерине өткөрүп беришкен.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом