Жарым жылда өлкө боюнча 12 миңдей адам ишке орноштурулган

Жарым жылда өлкө боюнча 12 миңдей адам ишке орноштурулган

Жыл башынан бери өлкө боюнча 12 миң адам ишке орноштурулган. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ош облусунун Араван районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

Эл менен болгон жолугушууда министр өлкө жарандарын жумушка орноштуруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берген. Аны менен бирге министр Араван районунда жумуш маселесин чечүү кандай ишке ашырылып жатканы тууралуу айтып өткөн.

«Араван районунда 20 долбоор ишке ашырылды, анын алкагында коомдук пайдалуу иштердин ордуна 4,3 миң адам ун жана өсүмдүк майы менен камсыз болду. 137 тоннадан ашык азык-түлүк таратылды», — деди ал.

Белгилей кетсек, Араван районунда 10,3 миң адам мамлекеттен ар кандай жөлөк пул түрүндө жардам алышат. 2 миң 848 муктаж үй-бүлө электр энергиясын төмөндөтүлгөн тарифтер менен төлөшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жумуш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>