(Сүрөт: В. Ушаков)
Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, экинчи жарымында Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +7…+12
күндүз +17…+22
Талас облусу
түнкүсүн +5…+10
күндүз +15…+20
Баткен облусу
түнкүсүн +6…+11
күндүз +18…+23
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +6…+11
күндүз +18…+23
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -2…+3
күндүз +11…+16
Нарын облусу
түнкүсүн -10…-15
күндүз -2…+3
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүзгү жогорку температурасы 20…22° жылуу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз