ИИМде да кадрдык өзгөрүүлөр болду

ИИМде да кадрдык өзгөрүүлөр болду

ИИМдин буйруктарына ылайык, Нарын жана Чүй облустук ички иштер Башкармалыктарынын жана ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилер  дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.

Маалыматка караганда, милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев Чүй ОИИББнын начальниги кызматынан бошотулуп, Нарын ОИИБнын начальниги кызматына, милициянын полковниги Дамирбек Исаков ИИМдин Күзөт кызматынын (башкы башкармалык укугунда) начальниги
кызматынан бошотулуп, Чүй ОИИББнын начальниги кызматына дайындалды.

Ал эми милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов Чүй ОИИББдин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын (башкы башкармалык укугунда) начальниги болуп дайындалды. Ошондой эле милициянын полковниги Талантбек Аттокуров Чүй ОИИББнын кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги кызматынан бошотулуп, ошол эле облустун Жайыл РИИБнын начальниги кызматына дайындалса, милициянын полковниги Искен Базаркулов Чүй облусунун Жайыл РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп Чүй ОИИББнын начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басарынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү.

Ал эми ИИМдин карамагында турган милициянын полковниги Руслан Кадыров Чүй ОИИББнын кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги кызматына дайындалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>