БУУ: Гендердик теңчилик 300 жылга артка жылды

БУУ: Гендердик теңчилик 300 жылга артка жылды

Дүйнөдө аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу барган сайын алыстап баратат. БУУнун баш катчысы Аялдардын эл аралык күнүн утурлай дүйнө лидерлери менен сүйлөшкөндө ушундай өкүнүчтүү жыйынтыкка келди.

Антониу Гутерриш гендердик теңчиликке жетишүү үчүн кеминде дагы үч кылым керек экенин баса белгиледи.

Гендердик теңчилик барган сайын алыстап баратат. Азыркы өнүгүү темпи менен БУУнун Аялдар уюму аны 300 жылга кийинкиге жылдырууда.

Нью-Йорктогу БУУнун штаб-квартирасында ачылган Аялдардын абалы боюнча комиссиянын 67-сессиясында инновациялар жана технологиядагы чоң гендердик ажырымды жоюу маселеси турат.

Жолугушууда ошондой эле аялдар жана кыздар туш болгон онлайн зордук-зомбулук жана башка коркунучтар, ошондой эле санариптик доордо сапаттуу билим берүүнүн зарылдыгы каралат.

«Эгерде бизде аялдар тууралуу маалыматтар жок болсо жана алгоритмдер негизинен эркектер тарабынан иштелип чыкса, анда жаңы технологиялар дүйнөбүздү ого бетер теңсиз кылып жиберүү коркунучу бар”-деди Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир.

Эки жуманын ичинде дүйнөнүн булуң-бурчунан келген катышуучулар санариптик доордо гендердик теңчиликке жетүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, илим, технология, инженерия жана математика тармагында, өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө аялдарды көбүрөөк тартууга көмөктөшөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>