Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Депутат: Орусиядагы элчинин күзөтчүсү “зам” болуп алыптыр
29.09.2021 | 11:12
Кыргызстандын Орусиядагы элчигинин имаратында тейлөө өтө начар. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Ахмедов бүгүнкү жыйында билдирди.
Анын айтымына караганда, элчиликте эки гана терезе бар. Мигранттарыбыз эртеден кечки бешке чейин күтүп отуруп, араң дегенде 3 мүнөттүк ишин бүтүрүп кетет экен. Алар бир күндүк убактысын жоготуп жатат. Бирдиктүү терезеде тейлөөчү кызматкерлер кааласа терезесин жаап, кофе ичип отуруп алышат. Күзөтчүсү болсо өзүнчө эле элчинин “замы” болуп алган. Каалаганын кылат экен ал.
Ошондой эле депутат мындай кырдаалды жакшыртуу үчүн тапшырмаларды бергиле деп бийликке кайрылды. Кыргызстанга инветиция салып жаткан мигранттардын бул көйгөйүн тезирээк чечүүсүн суранды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат