Кадамжайда мечиттин садака кутучасынан акча уурдаган шектүү жаран кармалдыСергей Кожемякин: көп векторлуулук доору аяктап баратат, БА өлкөлөрүнө тандоо жасоого туура келетБаңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында пара талап кылуу фактысы аныкталдыБишкекте жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган дизайн боюнча сынак өтөтБоомдо таш кулатуу иштери жүрүүдө. Жолго убактылуу чектөөлөр киргизилдиКочкор районунда социалдык дүкөн ачылды
Толкунбек Абдыгулов кызматтан кетүү себебин айтты
29.09.2021 | 11:45
Улуттук Банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгуловго президент Садыр Жапаровдон башка кызматка сунуш түшкөндүктөн, төрагалыктан кеткен. Бул боюнча Жогорку Кенештин бүгүн-29-сентябрдагы жыйынында өзү билдирди.
Ал өлкө башчынын сунушуна макулдугун берип, мамлекетке башка кызматта болсо дагы салым кошо ала турганын билдирип, арыз жазганын айтты.
Абдыгулов азырынча кайсы кызматка кетээрин ачыктай элек.
Жыйында Улуттук Банктын төрагасынын кызматтан кетүүсү каралууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат