«Өлүмдөн кыл чайнап калдым» — экс-депутат Надира Нарматова Бишкек — Ош каттамындагы өзгөчө кырдаал тууралуу

17.04.2026 | 13:18

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Надира Нарматова «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын Бишкек — Ош каттамындагы учакта болгон өзгөчө кырдаал тууралуу жазган Фейсбук колдонуучусу Эртуран Разаковдун постунун алдына бул окуяны тастыктап, өзү да жүргүнчү болгонун белгиледи.

Разаковдун маалыматына караганда, 16-апрелде саат 18:10до учкан учакта 25ке жакын адам, анын ичинде төрт кичинекей бала болгон. Автордун айтымында, учуу маалында кычкылтек жетишпей, дароо эле дүрбөлөң башталган.

«Эмне болгонун билбейм, балким, кычкылтектин жоктугунан учак башкаруудан чыгып кетти окшойт, көптөгөн чоң адамдар шок абалына түшүштү. Кичинекей балдар эсин жогото баштады. Учакта болгону төрт кычкылтек баллону бар экен, анын бири иштеген жок. Аны толтурбай эле коюшкан окшойт. Баллондор да көптөн бери иштебептир, көзөмөл кароосунан өтпөгөндөй эле сезилди», — деп жазган Разаков.

Анын айтымында, жүргүнчүлөр беткап кийген балдарга кычкылтек берүүгө аракет кылышкан, бирок ал башка жүргүнчүлөргө да керек болчу.

Нарматова жазгандай, ал «авиакомпаниянын шалаакылыгын жана жоопкерчилиги жоктугун өз көзү менен көрүп, өлүмдөн кыл чайнап калган».

«Кудайга шүгүр, дүрбөлөңгө алдырбоого аракет кылып жана ден соолугумду калыбына келтирүү үчүн өз алдынча чараларды көрүп аман калдым», — деп айтылат анын комментарийинде.

Экс-парламентарий ошондой эле салондо жөнөкөй эле аптечка болбогонун, асманда керек боло турган биринчи жардам көрсөтүүчү каражаттар: валерьянка, корвалол, каптоприл, спирт жана башка дары-дармектер жок экенин белгилеген.

«Аптечка жок экенин укканда шок болдум. Кычкылтек жетпей, аппараттар иштебей жатты — Жараткан өзү гана сактады. Мен муну тартиптин, талаптын жана жоопкерчиликтин жоктугу, ошондой эле адамдардын өмүрүнө болгон кайдыгерлик деп эсептейм. Кептин баары, жүргүнчүлөрдү ташууга арналган учакка жүк жүктөлгөнүндө. Адамдарды каттап, 11-катардан баштап артка карай отургузушту. 1-катардан 10-катарга чейинки орундуктар бош турду», — дейт Нарматова.

Ал бул нерсе мыйзамга канчалык туура келет деп суроо салат.

Анын айтымында, учкан учурдан тартып эле учак кыйналып учту: бардыгы титиреп, тарсылдап жатты, ал эми 10–15 мүнөттөн кийин аба жетпей, дем алуу кыйындаган.

«Эл арасында дүрбөлөң жаратпоо үчүн өз алдынча кутулууга аракет кылдым, анткени абалым өтө оорлошуп кеткен. Аба жетпей, баш жагымдагы кычкылтек/аба келе турган көзөнөктөрдү бурадым, бирок экөөнөн тең жарытылуу эч нерсе чыккан жок. Стюардесса кычкылтек баллонун алып келди, бирок ал иштеген жок. Акыры суу сурадым, ал эки стакан алып келди — жардам берген жок. Дагы сурасам, 1,5 литрлик бөтөлкө алып келди. Ошол суунун бир литрден ашыгын ичип, жүрөктү кармап туруу үчүн көнүгүүлөрдү жана ыкмаларды жасап жатып аман калдым», — деп кошумчалады экс-депутат.

Нарматова алдыда отурган жаш жигит ага жардам бергенин, ал эми жанында врач-хирург кыз отурганын, бирок анын өзүнүн да абалы начар болуп, кусуп, өзү менен өзү алек болгонун айтып берди.

«Стюардесса келип, 5–10 мүнөттөн кийин конобуз деп шыбырап кайталап жатты. Аэропортко аман-эсен кондук, тез жардам чакырдык, алар 6–7 жүргүнчүнүн кан басымын өлчөп, жардам көрсөтүштү. Бул маселени көңүл сыртында калтырууга болбойт. «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын жоопкерчилигин текшерүү үчүн мамлекеттик деңгээлде атайын комиссия түзүү максатка ылайыктуу болмок», — деп жыйынтыктады Нарматова.

«Кыргызстан аэропорттору» ААКтын басма сөз кызматынан Reporter.kg сайтына билдиришкендей, учуу алдында учак текшерүүдөн өткөн жана техникалык жактан жарактуу болгон, бардык системалар иштеп турган. Учурда ички иликтөө жүрүп жатат, стюардессалар жана учкучтар өз ишин так аткарышты — учак ийгиликтүү конду, жүргүнчүлөрдүн эч кимиси жабыр тарткан жок. Эгерде жүргүнчүлөрдүн кимдир бирөөсүнө медициналык жардам керек болсо, компания аны көрсөтүп берет. Толук маалымат ички иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин берилет.

Scroll to Top