Кабмин бизнести колдоонун 2030-жылга чейинки программасын чукул бекитүүнү тапшырдыКыргызстандын президенти ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлерин кабыл алдыМитинг-реквием, «Өлбөс полк» жана жоокер боткосу: Бишкек 9-Майды кантип белгилейтКыргызстан менен Жапония алдыдагы беш жылга кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныкташтыБишкекте көп аял алууну декриминалдаштыруунун демилгечилери милицияга чакыртылды28-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
Сулайманов шайлоого бир мандаттуу округдан аттанат
03.10.2021 | 12:55
“Альянс” саясий партиясы бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына Алтынбек Сулайманов менен Алмаз Тарыкбаевдин талапкерлигин көрсөттү. Тиешелүү чечим партиянын съездинде кабыл алынды.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына Сулайманов №5 Ноокат шайлоо округунан ат салышса, Тарыкбаев №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан ат салышат.
Кыргызстанда 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет. Шайлоого катышуу үчүн 72 партия БШКнын каттоосунан өткөн. Ал эми учурда 76 талапкер бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат