Садыр Жапаров Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолуктуДагы бир талапкер: Акай Кыдыров БШКга өзүн-өзү көрсөтүү арызын бердиМыйзам бузуулар тууралуу билдирүүгө болот: ИИМ «Мыйзамбек» ботун ишке киргиздиДемократтар АКШ Конгрессин көзөмөлгө алышты — Трамп үчүн кесепеттериОш жана Чикаго шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелери түзүлөтДастан Бекешев шайлоо, сөз эркиндиги жана саясий амбициялары тууралуу
Кыргызстан менен Жапония алдыдагы беш жылга кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныкташты
28.04.2026 | 12:40
КР Каржы министрлигинде каржы министринин орун басары Нурбек Акжоловдун Жапониянын Тышкы иштер министрлигинин өлкөлөргө жардамды пландоо боюнча экинчи бөлүмүнүн директору Хиросэ Айко менен жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар кызматташуунун жаңы беш жылдык стратегиясынын алкагында каржылоонун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Негизги темалардын катарына кадрларды даярдоо, өнөр жайды өнүктүрүү жана «Бир айыл — бир продукт» долбоорун ишке ашыруу кирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен ишти улантууга жана эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдөөгө макулдашышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика