Жапаров: Алтын сатып алам деген кардарлар кезек талашып турушат

Жапаров: Алтын сатып алам деген кардарлар кезек талашып турушат

Президент Садыр Жапаров коомдо кеңири талкууланып жаткан «Кумтөр» маселеси боюнча өзүнүн пикирин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Мамлекет башчысы «Кумтөр» маселеси боюнча берген түшүндүрмөсүндө, Женевада Кумтөр кени боюнча сүйлөшүү «Центерранын» суранычы менен өткөнүн, ага Кыргызстандан төрт өкүл барып катышканын, кеңири маалымат алар келгенде белгилүү болорун белгилеген.

«LBMA биздин алтынды алуудан баш тартты. Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт. Сатып алам деген кардарлар кезекте турушат талашып.

“Эл аралык соттон утулуп калсак – эмне болот?” дегендер да бар экен. Утулбайбыз, утабыз. Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли. Эмне болот? “Кумтөрдү” көчүрүп кетеби? Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го?
Эл колдоп турса болду. Казып атабыз, каза беребиз. Эч ким тоскоол боло албайт»,- деп жазган мамлекет башчысы өз билдирүүсүндө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>