Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин “баласы” кармалды

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин “баласы” кармалды

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин “баласы”, К. Асанбектин уюшулган кылмыштуу тобунун мүчөсү 63 жаштагы “Ф.А.Г.” атту казакстандык киши кармалды.Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган «Ф.А.Г.» буга чейин баңгизат, курал -жарак, каракчылык иштери жана уюшкан кылмыштуу топту түзүү, ошондой эле Казакстандын, Кыргызстандын жана башка КМШ өлкөлөрүнүн аймагында уурдалган кымбат баалуу унааларды сатууну көзөмөлдөө үчүн бир нече жолу соттолгону аныкталды.

«Ф.А.Г.» УКМКнын тергөө абагына киргизилип, анын Кыргызстандын аймагында башка да кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча атайын иш-чараларды улантууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>