«Альфанын» куралчан аскерлери Кара-Кечеге барды

«Альфанын» куралчан аскерлери Кара-Кечеге барды

Кара-Кече көмүр карьеринде коопсуздукту Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин «Альфа» атайын багыттагы аскерлери көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыпов «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Анын айтымына караганда, Кара-Кечеде коопсуздукту сактоо максатында УКМКнын төрагасы «Альфа» атайын багыттагы 12 аскерди берген. Алар 5 күндөн бери ал жактагы коопсуздукту камсыздоодо.

«Алар биздин карьерде 20га чукул коопсуздукту камсыздоо кызматкерлери менен бирге коосуздукту сакташат. 5 күн болду «Альфа» курал-жарактары менен барып кызмат кылышууда. Бул аскерлер биздин гана Кара-Кечеде болот. Ошол эле карьердин ичинде «Шарбон» деген Жабык акционердик коом бар. Ал жакка ИИМден аскерлерди сурап жатабыз», — деди Жакыпов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>