Кытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууландыБатыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдарПарламент унааларды эвакуациялоо жана айдоочулук укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдодуУКМК: Акча алып, Орусияда каттоодон чыкпаган унааларды каттаган кызматкерлер аныкталды
“Ата Мекен” БШКга толук тизмесин тапшырды
11.10.2021 | 17:56
“Ата Мекендин” тизмеси партиянын саясий кеңеши жана “Эгемен” коалициясынын мүчөлөрү менен эки айдан берки талкууланып, кеңешүүсүнүн натыйжасында мыйзам боюнча, гендердик тең салмактуулук, жаштардын квотасы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын квотасы ж.б. мыйзамда көрсөтүлбөгөн, бирок, маанилүү болгон жагдайлар эске алынып түзүлгөн. Бул туурасында аталган партиянын фейсбуктагы баракчасына жазылды.
Маалыматт партиянын талапкерлеринин тизмеси жашыруун добуш берүү аркылуу бекитилгени да айтылат.
Партия 14-курултайын буга чейин өткөргөн. Анда тизмедеги башкы бешөөнүн ысымдарын аташкан.
Шайлоо 28-ноябрда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат