Өзү сырдап: Муниципалдык инспекциянын башчысы Бишкектеги граффити менен күрөшүүдөЖК төрагасы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугуштуБишкекте коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелер кеңейетТүркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Кыргызстанга расмий сапар менен келетКыргызстандын ИДПсы 8 айда 1 триллион сомдон ашты – КасымалиевӨкмөттө «Текстиль Транс» ишканасын жана өлкөнүн текстиль тармагын өнүктүрүү маселелери каралды
Кантта кароосуз калган сарай күйүп, аялдын жансыз денеси табылды
13.10.2021 | 10:26
Кант шаарында кароосуз калган сарайдан өрт чыгып, аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган шаардын М.Күренкеев көчөсүндө кароосуз калган сарайдын ичи болжол менен 30 чарчы метр жер күйүп, ичинен белгисиз аял кишинин жансыз денеси табылган (аты-жөнү жана жашы такталууда). Куткаруучулар аялдын жансыз денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Өрт саат 01:07де чектөөгө алынып, 01:37де толук өчүрүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар