Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Электрондук капчык аркылуу добуш сатып алышы мүмкүн
13.10.2021 | 10:36
Шайлоодо добуш сатып алуунун жаңы түрү пайда болушу мүмкүн. Айрым партиялар, талапкерлер электрондук капчык аркылуу акча таратабыз деп жатышат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламентте билдирди.
Анын айтымында, добуш сатып алууларга баардык күч каршы турушу керек. Балким, электрондук капчык менен добуш сатып алуу аймактарда болбошу мүмкүн. Бирок, Ош, Бишкек шаарларында сөзсүз болот. Ошол себептен бул ишке тыюу салынышы керек. Маселен, шайлоо маалында бир электрондук капчыктан 2000 сомдон жогору, бештен көп жолу акча которууга тыюу салынышы керек.
Айрыкча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул ыкмага жакшыраак көңүл бөлүшүңүздөр керек деп кайрылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат