Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды
Электрди үнөмдөө боюнча видеоролик чыкты
18.10.2021 | 14:54
Кыргызстан улуттук электр тармагы атайын видеоролик чыгарып, калкты электрди үнөмдөөгө чакырууда. Мындай маңыздагы видеоматериалды аталган мекеменин басма сөз кызматы таратты.
Видеороликте электрди үнөмдөө боюнча бир канча сунуштар берилген:
- Керексиз учурда жарыкты өчүрүү.
- Жарык берүүчү лампаларды энергия үнөмдөөчү лампаларга алмаштыруу. Алардын иш мөөнөтү узак жана 10 эсе аз сарптайт.
- Электр алеттерин күтүү режиминде калтырбоо, аларды электр розеткасынан ажыратуу.
Мындан тышкары да жакшы сунуштарды видеороликтен көрсөңүз болот.
Мындай видео чакырыктардын жаралышына Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электрге болгон таңкыстыктын жаралуусу себеп болууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика