Саясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалдыЫсык-Көлдө көк бөрү оюну учурунда чыккан чырдан бир адам каза таптыАйсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болду
Бишкек: Эл ташып бара жаткан автобус кырсыкка кабылды (ВИДЕО)
29.10.2021 | 13:20
Чыңгыз Айтматов көчөсүндө автобус жолдон чыгып, бак аралап кирип кетти. Бул боюнча Reporter.kg′ге күбөлөр видеосун жөнөткөн.
Күбөлөрдүн маалыматына караганда, 8-автобус Чыңгыз Айтматов көчөсү менен бара жатканда алдынан Хонда Фит унаасы чыккан, автобус андан буйтайм деп жолдун жээгиндеги даракты сүзгөн. Ушул тапта 5 тез жардам унаасы келген. Жабыр тарткандарга биринчи медициналык жардам берип жатышат.
Азырынча жабыркагандардын саны 10 киши.
Жеринде милициянын кайгуул кызматы иш алып барууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом