29-октябрда Бишкекте күйүүчү майдын чекене баасы көтөрүлдү

29-октябрда Бишкекте күйүүчү майдын чекене баасы көтөрүлдү

2021-жылдын 29-октябрында саат 10:40ка карата Бишкектеги май куюучу жайлардын ири тармактарынын расмий сайттарынын маалыматы боюнча, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы орточо эсеп менен өзгөрүүсүз калды.

Борбор калаадагы май куюучу жайларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 57,3 сомду түзөт. Май куюучу жайларда дизель майынын орточо баасы 53,75 сом, суюлтулган газ 38,2 сом.

АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин эң төмөнкү баасы 56,7 сом, жогорку октандуу АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 61,9 сом. АИ-98 үлгүсүндөгү бензинди эки май куюучу түйүндөр сунуштайт: «Газпром нефть» 72,9 сомдон жана «Бишкек петролеум» литрине 75,9 сомдон.

Бишкектеги май куюучу жайда дизель майынын минималдуу баасы 53,0 сомду түзөт. Суюлтулган мунай газы: «Бишкек петролеум» — 38,9 сом (Бишкек жана Чүй облусунда үч май куюучу жай).

Газпром нефть — 37,5 сом (Бишкектеги үч май куюучу жай).

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>