Спорт агенттиги жоюлабы? Спортчулар ажого кайрылды

Спорт агенттиги жоюлабы? Спортчулар ажого кайрылды

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигин жоюп Маданият министрлигинин алдындагы департамент кылганы жатышат. Буга нааразылыгын  олимпиадалык класстагы калыс, машыктыруучу Мейрамбек Ахмедов Бишкекте өткөн басма сөз жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, департамент катары иш алып бара турган болсо 11 киши гана иштеп калат. Бул кызматкерлер спорттун өнүктүрө албайт. Эч нерсеге жетишпейт.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу Эмил Алыкулов спорт агенттигин Маданият министрлигине кошуп жатканына такыр түшүнбөй жатканын айтат.

“Мындан мурун да министрликке кошобуз деп чыкканда, биз Жогорку Кенештин ар бир депутатына жолугуп жатып сактап калганбыз. Тескерисинче, спорт тармагын тескеген органдын укугун кеңейтип, статусун жогорулатыш керек Спорт агенттигинин көз карандысыз даярданданганы Токиодогу жетишкендик болду. Эми элестеткиле, 11 киши Парижге спортчуларды даярдай алабы?”- деп суроо салды.

Машыктыруучулар спорт агенттигин сактап калуу талаптары менен президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, жагдайды туура түшүнүүгө чакырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>