Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Аалы Карашев шайлоого катышуудан баш тартты
08.11.2021 | 17:10
№10 Куршаб шайлоо округунан Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер Аалы Карашев шайлоого катышуудан баш тартты. Бул туурасында жергиликтүү маалымат каражаттарына БШКнын аталган шайлоо округу боюнча атайын өкүлү Нурмамат Сулайманов билдирген.
Анын маалыматына караганда, талапкер Аалы Карашев бүгүн, 8-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо өз талапкерлигин алгандыгы боюнча арызын берген.
Ушул тапта аталган шайлоо округунда 2 гана талапкер калды.
Башында аталган шайлоо округуна 4 талапкер катталган. Буга чейин да Бердалиев Бакыт Чырмашевич шайлоого катышуудан баш тарткан болчу.
Шайлоо 28-ноябрда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат