Шайлоо-2021: Таласта талапкердин апасы акча таратты

Шайлоо-2021: Таласта талапкердин апасы акча таратты

№20 Манас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Мирлан Назарбековдун  апасы мугалимдерге акча таратты. Бул боюнча арыз Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна түшкөнүн аталган мекеменин сайтына жарыяланды.

Ал маалыматка караганда, арызда Мирлан Назарбековдун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы стадиондо мектеп окуучуларынын катышуусунда үгүт иш-чарасын өткөргөнү жазылган. Иш-чарада окуучулар талапкердин логотиби түшүрүлгөн жилеттерди кийип, желектерди көтөрүп жүрүшкөн.

Ошондой эле  арызда райондук билим берүү борборунун башчысы Ж.С.нын мугалимдер күнүндө Мирлан Назарбековдун апасынын атынан мектеп директорлоруна 5 миң сом жана айрым мугалимдерге 3 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык бергени айтылат. Арыздагы маалыматка ылайык, жолугушуунун аягында Ж.С. мектеп директорлорун жана мугалимдерди Мирлан Назарбековду колдоп, үгүт жүргүзүүгө чакырган.

Аталган маалымат милицияга жөнөтүлүп, текшерүү башталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>