Быйылкы окуу жылында Таластагы «Акылман» президенттик лицейи окуучуларга эшигин ачатКыргызстанда президенттик шайлоо качан жарыяланарын Дастан Бекешев айтып бердиКыргызстанда айып пулдардан түшкөн каражатка тез жардам унаалары сатылып алынатКыргызстандык окуучу кыз “Билимдин муз жаргычы” экспедициясына катышып, Түндүк уюлга барып келдиКытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы жеткирилди2028-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Россияда өтөт — ЖМК
«Клооп Медиа» коомдук фонду шайлоодо байкоочулук кыла албайт
08.11.2021 | 17:55
Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы 5-ноябрда чыгарган. Маалымат бүгүн ачыкка чыкканын «Клооп» жазып чыкты.
Андагы маалыматтарга караганда, БШК “Клооп Медиа” коомдук фондунун уставында шайлоо мыйзамдары боюнча жана шайлоодо, ошондой эле адам укуктарын коргоо тармагында иш алып баруусу тууралуу көрсөтүлгөн эмес», — деген жүйөнү келтирген.
Ал эми «Клооптун» юристи Фатима Якупбаеванын айтымында, аталган норма үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында гана пайда болгон. БШК кабыл алган жобо «Конституцияга каршы келет» жана «ооздуктоо аракети» деп бааланса болот.
2020-жылдын күз айларынан тарта «Клооп» төрт шайлоого жана эки референдумга байкоо жүргүзгөн. Анда жүздөгөн мыйзам бузууларды таап чыккандыгы айтылат.

Рубрики: Жаңылыктар, Саясат