Өзбекстандын ЖОЖдорунда акысыз окуу үчүн кыргызстандыктарга 20 орун бөлүндүКыргызстанда Telegram, Microsoft жана дагы 9 сервиске кирүүгө чектөө коюлушу мүмкүнБыйылкы окуу жылында Таластагы «Акылман» президенттик лицейи окуучуларга эшигин ачатКыргызстанда президенттик шайлоо качан жарыяланарын Дастан Бекешев айтып бердиКыргызстанда айып пулдардан түшкөн каражатка тез жардам унаалары сатылып алынатКыргызстандык окуучу кыз “Билимдин муз жаргычы” экспедициясына катышып, Түндүк уюлга барып келди
Аалы Карашев шайлоого катышуудан баш тартты
08.11.2021 | 17:10
№10 Куршаб шайлоо округунан Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер Аалы Карашев шайлоого катышуудан баш тартты. Бул туурасында жергиликтүү маалымат каражаттарына БШКнын аталган шайлоо округу боюнча атайын өкүлү Нурмамат Сулайманов билдирген.
Анын маалыматына караганда, талапкер Аалы Карашев бүгүн, 8-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо өз талапкерлигин алгандыгы боюнча арызын берген.
Ушул тапта аталган шайлоо округунда 2 гана талапкер калды.
Башында аталган шайлоо округуна 4 талапкер катталган. Буга чейин да Бердалиев Бакыт Чырмашевич шайлоого катышуудан баш тарткан болчу.
Шайлоо 28-ноябрда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат