Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Милициялар 78 миң сомго “көңүл ачат”
17.11.2021 | 15:42
Ички иштер министрлиги 78 миң 426 сомго момпосуй, печенье жана кургактылган жемиштерди сатып алат. Бул туурасындагы жарыя мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылган.
Маалыматка караганда, «Юбилейное» печеньесин, «Milky Way», «Mars», «Snickers», «Twix» момпосуй жана шекер, чай, кофе жана кургактылган жемиштер болсун деген талаптары бар. Булар “көңүл ачуучу чыгымдарга” деп белгиленген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом