Кыргызстандык балбан Алхам Абдрасулов дүйнө чемпиону болдуАйзирек Эралиеванын өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты: Күнөөлүү 18 жылга эркинен ажыратылдыКыргызстанда аялдардын коопсуздугу боюнча масштабдуу изилдөө жүргүзүлөтЧолпон-Атадагы эс алуу жайында массалык мушташ чыктыЭми дары кымбат болсо тиркеме аркылуу арыз калтырса болотМаданият министрлиги Намыс кодексинин долбоорун коомдук талкууга койду
Футбол: Кыргызстан Монголияны 2:1 эсебинде утту (видео)
15.10.2019 | 16:04
2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Монголияны 2:1 эсеби менен утту.
Монголиянын баш калаасы Улан-Батор шаарындагы беттештин алгачкы бөлүгүнүн 15 минутасынд Гүлжигит Алыкулов биринчи голду киргизди.
Ал эми 41 минутада Мирлан Мурзаевдин таамай тепкен тобу атаандаштардын дарбазасынан орун алды.
Оюндун экинчи бөлүгүндө Валерий Кичин оюн талаасында эреже бузганы үчүн калыс монголдорго пенальти берди.
Монгол футболчулары пенальтини дарбазага таамай тээп, 56-минутада эсеп сандарын 1:2 кылууга жетишти.
Ошентип оюн 2:1 эсеби менен Кыргызстандын пайдасына жыйынтыкталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт