ГЭСтер курулуп, 95 ишкана ачылды: Нарында 9 айда жасалган иштердин жыйынтыгы чыгарылдыКыргызстан Европа Кеңешинин № 108 Конвенциясынын Комитетинде байкоочу болдуУКМК тыюу салынган «Иеговист-Ильинчилер» диний сектасынын мүчөлөрүн кармадыБишкекте «Борбор Азиянын чийим таштарына саякат» мультимедиялык көргөзмөсү ачылатЖогорку Соттун Пленуму беш маселе боюнча токтомдордун долбоорлорун кабыл алдыКыргызстанда ГМОну алып кирүүгө жана жүгүртүүгө көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда
Футбол: Кыргызстан Монголияны 2:1 эсебинде утту (видео)
15.10.2019 | 16:04
2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Монголияны 2:1 эсеби менен утту.
Монголиянын баш калаасы Улан-Батор шаарындагы беттештин алгачкы бөлүгүнүн 15 минутасынд Гүлжигит Алыкулов биринчи голду киргизди.
Ал эми 41 минутада Мирлан Мурзаевдин таамай тепкен тобу атаандаштардын дарбазасынан орун алды.
Оюндун экинчи бөлүгүндө Валерий Кичин оюн талаасында эреже бузганы үчүн калыс монголдорго пенальти берди.
Монгол футболчулары пенальтини дарбазага таамай тээп, 56-минутада эсеп сандарын 1:2 кылууга жетишти.
Ошентип оюн 2:1 эсеби менен Кыргызстандын пайдасына жыйынтыкталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт