Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Добуштарды кол менен саноодо “Эл үмүтү” партиясы босогодон өтпөй калды
02.12.2021 | 11:38
2-декабрь, саат 11:25ке карата кол менен эсептөөгө ылайык, “Эл үмүтү” партиясы 5%дан аз добуш алып, жеңүүчүлөрдүн тизмесинен четтеди. Маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жарыяланды.
Ошентип, учурда 5%дык босогодон алты партия өттү: «Ата Журт Кыргызстан» (15,92%), «Ишеним» (13,44%), «Ынтымак» (12,47%), «Альянс» (7, 48%), «Ыйман Нуру» (6,79%) жана «Бүтүн Кыргызстан» (6,32%).
Улам маалыматтар өзгөрүп турушу мүмкүн. Учурдагы көрсөткүч 2494 шайлоо участкасынын 1578инен алынган маалыматтар камтыйт.

Рубрики: Жаңылыктар, Саясат