Депутат: Шайлоого катыша турган элдин санын алдын-ала билип, ошого жараша акча коротуу керек

Депутат: Шайлоого катыша турган элдин санын алдын-ала билип, ошого жараша акча коротуу керек

Шайлоого катыша турган элдин санын алдын-ала билип, ошого жараша акча коротуу керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Садиков парламенттин бүгункү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулардын добушун сатып алып жаткан маалда да 50 пайызга жеткен эмес катышуу, кечээки шайлоодо эч кандай добуш сатып алуу болгон жок. Шайлоочуларды шайлоо тилкелерине  жапырт  ташуу болбоду. Мындай шартта шайлоочулардын 30 пайызына жетпегени добуш берди. Ушул сандарды карап,  анализдеп шайлоого кете турган бюллетендерди, башка каражаттарды үнөмдөбөсөк болбойт беле. Жөн жерден эле казынадан каражаттарды сарптап жатышат. Келээрки шайлоодо ушул жагдайларды эске алып, каражаттарды үнөмдөө системасын иштеп чыгышсын.

28-ноябрда парламенттик шайлоо болду. Жалпы шайлоочулардын 40 пайызга жетпегени катышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>