Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагында 47,7 га жер трансформацияланды

Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагында 47,7 га жер трансформацияланды

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди трансформациялоо жөнүндө чечими кабыл алынды. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жана муниципалдык менчикте турган 47,7 га жер “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулду (трансформацияланды).

Финансы министрлигине республикалык бюджеттен көрсөтүлгөн жер тилкесине шаар куруу документтерин иштеп чыгуу үчүн 5  млн. сом өлчөмүндө каражат бөлүүсү тапшырылды.

Белгилесек, буга чейин Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагында жеке турак үйлөрдү курган тургундар менен жолугушуусунда Министрлер Кабинетине жакынкы мезгилде аталган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу тапшырмасын берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>