Кыргызстанда спутниктик интернет ишке киргизилет. Адылбек Касымалиев Starlink’тин директору менен жолугуштуУлан Маматканов Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалдыТИМдин мурдагы башчысы Чыңгыз Айдарбековго айып тагылды – толугураак15-апрелге карата аба ырайыБишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алынды
Орусия Жогорку Кеңештин жаңы курамы РФ менен кызматташууну улантат деп үмүттөнөт
03.12.2021 | 10:11
Москва кыргыз парламентинин жаңы курамы Орусия менен союздук байланышын улантат деп үмүттөнөт. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
«Биз Кыргыз Республикасынын элинин эркин билдирүүсүнүн натыйжалары ички туруктуулукту чыңдоого, ошондой эле бул өлкөнүн укуктук демократиялык өнүгүүсүнө, экономикасынын прогрессивдүү өсүшүнө жана элдин жыргалчылыгына өбөлгө болот деп ишенебиз. Кыргыз парламентинин жаңы курамы Россия Федерациясы менен стратегиялык кызматташуу курсун, евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди тереңдетүү, Борбордук Азияда тынчтык жана коопсуздук кызыкчылыгында биргелешкен күч-аракеттерди курууну улантат деп ишенебиз”,-деди Захарова шаршемби күнү брифингде сүйлөп жатып.