Жогорку Кеңеш альтернативдик кызмат үчүн төлөмдөрдү жогорулаткан мыйзам долбоорду жактырдыУКМК теракттарды даярдаган жана жардыруучу түзүлүштөрдү чогулткан өспүрүмдөрдүн кармалганын билдирдиДепутат Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды«Кыргызфармация» БУУ механизмдери аркылуу дары-дармектерди сатып алууда 410 млн сом үнөмдөөнү көздөп жатат19-февраль: Өлкөдө күн ачык жана жылуу болотОштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кетти
БШКнын төрайымы өткөн жылы канча каражат тапканы белгилүү болду
07.12.2021 | 12:29
Салык кызматы 2019 жана 2020-жылдар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелери, чыгашалары жана мүлкү тууралуу маалыматтарды расмий сайтына жарыялай баштады.
Декларацияда өткөн жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 1 миллион 194 миң сом киреше тапкан. Ал мүлктүн ичинен 67 чарчы метр аянтты ээлеген батирди, ошондой эле эмеректерди жана тиричилик техникасын көрсөткөн. Мүлктүн баасы көрсөтүлгөн эмес.
Ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешеси 654 миң сом деп көрсөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат